Бишкектеги илимий-изилдөө борбору, травматология жана ортопедия бөлүмүнө 10 жабыр тарткан адам жеткирилди, анын ичинде аялдар жана бир бала бар деп билдирди Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы билдирген.
Бүгүн бардык келип түшкөн бейтаптарды текшерип чыгып жана аларга андан ары дарылоо схемасын аныктайт. Бардык бейтаптар туруктуу абалда. Алар дары жана медициналык багыттагы зарыл буюмдар менен камсыз кылынган.
Лейлек аймактык ооруканасына үч адам жеткирилди. Алардын ичинен, экөө хирургиялык кийлигишүүгө муктаж жана жергиликтүү дарыгерлер тарабынан операция жасалган. Азыр алар туруктуу-оор абалда турат.
Кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкелеринде чек ара чыр-чатагы болгон, анда миномет менен автоматтар колдонгон. Тажик чек арачылары алгачкы болуп курал колдонгон. Алар тарабынан кыргыз чек арасы Максат, ал эми Баткен облусунун Лейлек районундагы убактылуу чек ара постунан ок атылган.
Ок атуунун жыйынтыгында 7 чек арачы жана 6 т тургун каза болуп, алардын арасында 1 бала жарадар болгон.