“Кыргызстан” партиясынын VI курултайында депутат Канат Исаев мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн баардык бийлик бутактарын колдоого алуу керектигин айтты.
Учурда мурдагы президентке, премьер-министрге жана башка бир катар жогорку даражалуу чиновниктерге каршы кылмыш иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
«Алмазбек Атамбаев Жээнбековду президент кылганын айтты. КСДП партиясы 2015 – жылы Атамбаевдин башкармалыгында 435 миң добуш алган. Ал эми 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков 920 миң добуш алган. Бул арызды биз кантип кабыл алабыз?», – деп мурдагы жана азыркы президенттердин ичиндеги абалы боюнча комментарий берди.
Белгилесек, Исаев 2017-жылы кылмышка, массалык башаламандыктарга жана бийликти зордук-зомбулук менен басып алууга даярдык көрүү боюнча кармалган. Бирок, өткөн жылы жайында, ал үй камагына чыгарылган.