Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары, парламент депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүлөрү тууралуу “Азаттыкка” комментарий берди.
– Менимче, ал (Атамбаев) элге чындыкты жеткиргиси келди. Ошону менен бирге факты жана далилдерди келтирди. Ал өзү өлкө үчүн абдан көп нерсе жасадым деп эсептейт. Ошол эле маалда жоопкерчиликтен качкан жок, өз кемчилигин, кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдү моюнга алганын айткым келет. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин түзүүгө жеке өзү аралашкан эмес, жанындагы адамдардын “кайсы бир иштерин” териштирген жок. Анткени, ал башкы максаты – өлкөнү экономикалык коллапстан, митингден арылтуу, түндүк менен түштүктүн күчтөрүн бириктирүү, өлкөнү бириктирүү экенин айткан.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда “Апрель ТВ” каналына маек куруп, азыркы бийликти “Бакиевдин жолуна түштү” деп айыптады. Буга президент Сооронбай Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты азырынча комментарий бере элек.