Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар ЕАЭБ менен Кыргызстандын ортосундагы мындан аркы кызматташтыкты талкуулашты.
Жээнбеков белгилегендей, “Евразия жумалыгы” эл аралык форуму евразиялык мейкиндиктин мындан ары өнүгүшүнө олуттуу салым кошот. Жээнбеков ошондой эле Биримдик алкагында интеграцияны күчөтүү жана өз ара соодалашуудагы тоскоолдуктарды четтетүү зарылдыгын билдирди.
Тигран Саркисян ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн кандайдыр бир көйгөйлөрүн жана маселелерин чечүү үчүн биримдик тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп жатканын баса белгиледи.
Жолугушуунун аягында тараптар Жогорку Евразия экономикалык форумунун «Евразия континентинин Транзиттик потенциалы» келечектеги жыйынын талкуулашты.