Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү жайында болгон окуя боюнча комментарий берди.
Ведомстводо белгилегендей, чек ара көзөмөл кызматынын сапатын текшерүү максатында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун аймагындагы кызматкерлери тарабынан окуу бузуучу ишке киргизилген.
Чек ара кызматынын кызматкерлери эреже бузган адамды ийгиликтүү кармашты. Андан соң УКМКнын кызматкерлери бардык зарыл болгон иш-чараларды өткөрүштү.
«Чалдовар — Бишкек багыты боюнча өтүүчү жолунда белгисиз адамдар жана УКМКнын кызматкерлери арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайынын аймагы боюнча чыр-чатак болгон. Белгисиз адамдар автоунааны таш менен уруп башташты. УКМК кызматкерлери аргасыз болушту КӨП аймагына кайтышка. Алардын аркасынан түшкөн адамдардын тобу өткөрүү пункттун аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Чыр – чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында чек арачылар абага ок атышкан», – деп айтылат МЧКда.