Ишкерлерден турган индиялык делегация Кыргызстандын көп багыттуу АЮ Холдинг ишканаларында болушкан. Биздин өлкөдө Индиялык делегаттар «АЮ Холдинг ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин жетекчилеринин чакыруусу менен келишкен.
Ишканага сапардын алкагында делегациянын өкүлдөрү тарабынан алардын потенциалы жана келечеги жогору баа берилди. Алар технологиялык параметрлери өндүрүштүн дүйнөлүк стандарттардын деңгээлинде экенин белгилешти.
Индиялык ишкерлер фармация, соода, эл керектөөчү товарларды өндүрүү сыяктуу чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришти. Алар туристтик тармакта да зор потенциалды көрүп жатканын билдиришти.
Кыргыз жана Индия тараптары биргелешкен ишмердикти жүзөгө ашыруу ниети жөнүндө билдиришкен. Алар биргелешкен ишканаларды түзүү зарылдыгы тууралуу эки жактуу пикирге келишти.
Индиялык ишкерлер да ОЮЛ өкүлдөрүн «АЮ Холдинг Ассоциациясына» жооп кылып иш-сапары менен өз өлкөсүн кыдырышты сунуш кылышты.