Он айдын ичинде “Северэлектро” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 715 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 142,5 млн. кВт.саатка көбүрөөк.
Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 6 млрд. 54 млн. сомду түзүп, анын 6 млрд. 335 млн.сому (104,7 %) чогултулган.
Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 110 %,
бюджеттик уюмдар – 100,9 %,
башка керектөөчүлөр – 100,2 %,
өндүрүштүк объектилер – 99,7 %,
жана айыл-чарба керектөөчүлөрү – 99,6%аткарылды.
Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу он ай боюнча төмөндөгүдөй:
борбор калаабызда төлөм чогултуу 104,4 %
Чүй облусунда – 104,4 %
Талас облусунда – 108,3 %
«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы