Дубайда өтүп жаткан жыйында Интерполдун жаңы президенти болуп бул уюмду убактылуу жетектеген түштүк кореялык Ким Чон Ян шайланды. Бул тууралуу эл аралык уюм “Твиттер” баракчасына жарыялады.
Кечээ добуш берүүдө Косово эл аралык уюмга үчүнчү ирет мүчө боло албай калды. 68 мамлекет анын талапкерлигин колдосо, 51 өлкө каршы чыкты. 16 мамлекет арсар добуш берди. Уюмга мүчө болуш үчүн жалпы добуштун үчтөн экисин алуу зарыл.
Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан уюм өз курамындагы мамлекеттерге кылмышка шектүү кишилерди издеп табууга көмөктөшөт. Агенттик өзү кимдир-бирөөнү камакка ала албайт. Уюмдун уставы ошондой эле саясий, диний, расалык мүнөздөгү иштер менен алектенүүгө жана андай маселелерге кийлигишүүгө тыюу салат.
Интерпол мурдагы жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кеткенин 7-октябрда жарыялаган. Ага чейин ал сентябрдын аягынан бери мекенине кеткен бойдон бир нече күн дайынсыз болгон.
Кийин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы “Коррупция” беренеси менен иш козголгонун билдирди. Ал “кылмыштуу ишмердик менен алектенген” деп шек менен камакта жатат.