Орусия тараптан курулуш рыногундагы көптөгөн тоскоолдуктар четтетилди. Эми Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрү цементтин жалпы рыногун түзө алышат. Бул тууралуу экономикалык комиссиянын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Эгерде жалпы рынок түзүлсө, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн цемент өндүрүүчүлөр товарды сертификаттоону жүргүзүүдө Россия Федерациясынын мыйзамдарына таянуу менен юридикалык жакты түзүүнүн кереги жок болот.
ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдөн цементти өндүрүүчүлөр Россия сертификациялоо органдарына ишендирүүчүлөр катары кайрыла жана өз продукциясына шайкештик сертификатын ала алышат.
Курулуш материалды эркин алып өтүшүн камсыз кылуу үчүн азыр долбоору иштелип мамлекеттер аралык стандарттын «Шайкештикти баалоо. Цементти сертификациялоонун эрежелери».