Бишкек Тбилиси жана Ереван шаарлары менен позитивдүү мамилени орнотууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов билдирди.
«Биз азыр Грузиянын борбор шаары Тбилисиде, Тблиси Күнү «Тблисоба» майрамындабыз. Тбилиси Каха Каладзе менен расмий жолугушуу учурунда Кыргызстан жана Грузия борбор шаарлары ортосунда өз — ара ишеним жана урматтоо жаатында мындан аркы байланыштарды түзүү маселелери талкууланды», – деп белгиледи ал.
Суракматов Грузия мамлекетинде жүрүп жаткан иш сапары учурда Кыргызстандын делегациясы коомдук транспорттогу электрондук билетин киргизүү жана административдик паркты жакшыртуу тажрыйбалары менен таанышып чыккандыгын айтты.
Ошондой эле,
Кыргызстандын акими Еревандын мэри Айк Марутян менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун соңунда Суракматов кесиптештерин Бишкектеги кесиптештери менен жолугушууга, 29-апрель күнү түзүлгөн күнүнө чакырды.