Сан-Францискодогу федералдык сот президент Дональд Трамптын Мексика тараптан мыйзамсыз өткөн мигранттарга башпаанек бербөө жөнүндө жарлыгына убактылуу бөгөт койду. Ал 19-декабрга чейин күчүндө турат.
Президент Трамптын администрациясы АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирген мигранттардын качкын макамын алууга арыз беришине бөгөт койгон чектөөнү 8-ноябрда киргизди. Иммигранттардын адвокаттары бул чечимди дароо сынга алып, ал АКШнын азыркы мыйзам жоболоруна каршы келерин билдиришти.
Бирок Ак үй “эгер улуттук кызыкчылыктагы иш деп тапса”, президентте иммиграцияны чектегидей ыйгарым укук бар экенин жүйө келтирди. Вашингтондун көз карашында, эски эрежелер мыйзамсыз миграцияга шыкак берип жатат.
Жаңы эреже көбүнесе Борбордук Америка өлкөлөрүнөн – Гватемаладан, Гондурастан, Сальвадордон келген мигранттарга тиешелүү.
Борбордук Америкадан келаткан мигранттардын жаңы агымын утурлай Пентагон ушул айдын башында Мексика менен чек арага 5200 жоокерди жайгаштырган. Ага чейин быйыл апрелде да АКШнын Мексика менен чек арасына Улуттук гвардиянын 2100 жоокери жөнөтүлгөн.
Азаттык