Сирия менен Ирактагы согуш театрында катышкан террористик топтор Афганистандын түндүк тарабына алынып келинген.
Аскердик эксперттердин айтуусу боюнча, Тажикстанга чектеш жерде согушчандардын саны 10 миңге чейин жетет жана алардын саны күн санап өсүүдө. Согушчандар тажрыйбалуу жана толук куралданган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен чыгып орус тилин билгендер, өзгөчө бааланып, алардан өзүнчө отрядтар түзүлөт.
Бул кырдаал ЖККУнун коргоо кеңешинин катчыларынын жолугушуусунда талкууланган. Катышуучулар террористерге “кимдир бирөө” жардам берип аларды Сириядан жана Ирактан Афганистандын түндүк тарабына эч кандай белги коюлбаган тик учактар менен таштап жатышкандыгына кабатыр болушту. Мындай “НЛО” бир гана АКШнын тик учактары болушу мүмкүн, себеби, Афганистандын асманын караган жана аскердик базасы бар бир гана Америкалыктар.
Оруссиянын жана Ирандын атайын кызматтарынын маалыматтарына таянган аналитиктер Жакынкы Чыгыштан мурдагы СССРдин өлкөлөрүнүн чек араларына жакын жерге өтө ылдамдык менен алынып келинип аткандыгын тастыкташат. Өзгөчө тынч эмес, чыр чыгарууга оңой регионго согушчандардын топтолушу сөзсүз шуйкумдуу иштин башталышына өбөлгө түзөт.
Бул көйгөйдүн эң эле оор тарабы, бир гана согушчандардын Орто-азия өлкөлөрүнүн чек арасына жакын келүүдө эмес, ушул өлкөлөрдө жашырынып жаткан террористик уюмдарды ячейкалары ойгонушу мүмкүн. Бул уктап жаткан ячейкалар сырттан кирген согушчандарга караганда көбүрөөк көйгөй жарытышы мүмкүн. Кыргызстандын атайын кызмматы бул багытта иштерди жүргүзүп, дайыма террористик топтордун мүчөлөрүн кармап, экстремистик адабияттарды, курал жарактарды алышат. Аларды суракка алганда, алар тынч эл арасында жардырууларды уюштуруп, өлкөнүн саясий-коомдук абалын толкундатуу максаты коюлганын айтышкан. Мындай топторду жакынкы чыгыштагы согушка катышып, террористер менен тыгыз байланышта болгондор башкарышат. Ошону менен катар эле, бул өлкөлөрдө канча террористик топтор бар экендигин жана канча санда экендигин эч ким билбейт.
Худжандеги бунт, өлкөнү дестабилдештирүүнүн дагы бир ыкмасы болсо керек. Түрмөдөгүлөр каролчуларга кол салып, бир канча киши өлтүрүлүп, топлоң чыгарылган. Бул түрмөдө көбүнчө, экстремизм жана терроризм боюнча кылмыштарга шектелгендер отурган. Аларды басуу үчүн атайын күч түзүмдөрү жөнөтүлгөн. Бул иш-чарада 20га чакты киши каза болуп, уюштурууга жоопкер катары ИМ террористик тобу моюнга алды. Ошону менен катар эле соц.тармактарда күч түзүмдөрүнө каршы үгүттөп, элди көчөгө чыгып, түрмөдөгүлөрдү бошотууга үндөгөн таратуулар болду.
Буга кошумча катары, Кыргызстанда дагы экстремизм боюнча кармалган түрмөдөгүлөргө өкмөттүк эмес уюмдар дагы катуу кызыгышат. Ошол уюмдун өкүлдөрү түрмөдө жаткан экстремистердин резюме жана досьесин америкалык журналистке берүүгө аракет кылышкан. Бул окуя Ош шаарында болуп, Америкалык журналистти тезинен өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Бирок, жергилктүү эксперттердин айтуусу боюнча ал адам журналист эмес эле чалгындоо кызматынын кызматкери болгон.
Ал ортодо Орто Азияда геосаясасий кызыкчылыктар кагышып, АКШлыктардын илгертен даярдап келген регионду дестаблизациялоо боюнча программасы ишке киришти.