“Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кожоюну Александр Рябушкин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Милициянын маалыматка ылайык, акционердин арызынын негизинде “Вечерний Бишкек” басма үйү текшерилип, жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу болгону аныкталды.
2016-жылы Бишкек шаардык соту “Вечерний Бишкек” басма үйүн, “Вечерний Бишкек” гезитинин редакциясын, vb.kg Интернет сайтын, “Жаңы агым” гезитинин редакциясын, “Рубикон” рекламалык фирмасын аброюма шек келтирди деген доогер Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 млн. сом төлөп берүү чечимин чыгарган. 2015-жылдын август айында Свердлов райондук соту “Вечерний Бишкек” басма үйүн Икрамжан Илмияновго 1 млн. сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Тергөөнүн маалыматында, 2016-жылы 21-октябрда “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн директору Мурат Божокоев Александр Рябушкин менен кызмат абалындагы укугунан пайдаланып, Эркин Мамбеталиевге 1 млн. сомду акционерлердин кызыкчылыгына каршы аракет менен төлөп беришкен. Ошол эле күнү “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн кассасынан чыгаша ордери менен Эркин Мамбеталиевге 1 млн. сомду накталай санап беришкен. Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин бул аракеттери менен компанияга материалдык ири зыян келтиришкен.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 173 – (Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү ) 221- (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) 350 – (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) беренелери менен иш козголду. Учурда тергөө башталды.
Марал фм