2019-жылдын 31-августуна карата Кыргызстандын тышкы жана ички мамлекеттик карыз 4 млрд 469,22 млн.долларды түзгөн. Бул тууралуу каржы министирлиги маалымдаган.
Анын маалыматына ылайык, кыргыз сомуна которууда 311 млрд 980,73 млн сомду түзөт.
Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз $3 млрд 761,91 млн сомду түзөт, бул сомго которулган сомдорго 262 млрд 605,42 млн сом.
Өлкөнүн мамлекеттик ички карызы $707,32 млн, ал эми сом менен – 49 млрд 375,31 млн.
Эскерте кетсек, Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2019 – жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 453,99 млн$, сом түрүндө-310 млрд 667,54 млн долларды түзгөн.
Ошентип, өлкөнүн мамлекеттик карызынын өсүшү бир айда 15,23 млн$, же 1 млрд 313,1 млн сомду түзгөн.