Казакстандын Шымкент шаарында сатуучусу жок дүкөн ачылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, дүкөн жогорку окуу жайларынын биринде ачылган. Дүкөндүн кардарлары керектүү нерселерди алган соң, атайын даярдалган кутуларга акчасын таштап кетет.
“Бул жерде көнүп калган сатуучулардын ордуна атайын кутулар коюлду. Кардарлар акчасын кутуга салып, кайтарым акчасын эсептеп алып кете берсе болот. Эч кандай кароолчу дагы жок. Бул идеяны биз студенттерди туура жолго тарбиялоо максатында ишке ашырып жатабыз. Мындай дүкөндөн соода кылуу жаштардын келечекте жакшы инсан болуп калыптануусуна түрткү болот деп үмүттөнөбүз”, – деп билдирген уюштуруучулардын бири.
Мындай дүкөндөр Шымкент шаарындагы бардык окуу жайларда ачылары күтүлүүдө.