No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 24.10.2025
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

«Black Friday (Кара Жума)» тууралуу 5 кызык

23.11.2018

Бүгүн дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык континенттеринде соода-сатык майрамы «Black Fri­day» башталат. Уюштуруучулар быйыл соода-сатыктын рекорддук чегине жетебиз деп шымаланып турган чагы. Анткени бул фестивалда алармандар үчүн абдан көлөмдүү арзандатуулар убадаланса, сатуучулар үчүн көп сандагы кардарлардын болуусу күтүлөт. Америкада пайда болгон бул иш-чара ар жылы жаңы өлкөнү өз катарына кошкон менен ага карата Американын өзүндө жана Европада кызыгуу кетип жатат. Мунун себеби эмнеде?

  1. Америкалык Ipsos агенттигинин сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча өткөн жылы ар бир экинчи америкалык бул кунү үнөмдүү баада бир нерсе сатып алууну көздөгөн болсо, бул жылы калктын 38% гана «кара жуманы» күтөөрүн айткан. Ушундай эле жыйынтык британиялык Aptos компаниясынын жүргүзгөн изилдөөсүндө белгилүү болду. Европалыктардын 34% аталган соода-сатык фестивалына катышарын айтышкан.
  2. Aptosтун изилдөөсү боюнча британиялык алармандардын көпчүлүгү бул күнү убадаланган арзандатуулардын орундалышына ишенишпейт. Дагы бир алармандардын укугун коргоочу Which? уюму фестивалда сатылчу товарлардын 87%ын жылдын башка мезгилдеринде деле арзан баада сатып алууга болорун тастыктаган. Бул көрсөткүч өткөн жылдарда 50-60% болсо, акыркы кезде 90%га жакындады.
  3. «Black Fri­day» күнү сатуучулар үчүн биз ойлогончолук кирешелүү эмес экен. Бул күн алар үчүн эл катарынан калбай жашап кетүү үчүн күрөштүн бир түрү. Көпчүлүк европалык компаниялар америкалык бул адатты «океандан бери өтпөй эле койсо жакшы болмок» дешет. Арасында бул фестивалдан баш тарткан «Marks and Spencer» ири дүкөндөр тармагы да бар. Рыноктогу орунду сактап калуу үчүн компаниялар белгилүү чыгашаларга барууга мажбур. Jig­saw дүкөндөр тармагынын ээси Питер Руистин айтымында бул күнү сатылган модалуу кийимдер дүкөндөрүнүн товарынын жарымы кайра дүкөнгө кайтарылат. Аларды эки-үч аптадан кийин андан да арзан баада сатууга туура келет. Муну Which? агенттиги да ырастайт.
  4. Дүйнөдөгү соода-сатык рекордун жасоодо жалгыз саналган «Blach Fri­day» эми жалгыз эмес. Жадагалса биринчи да эмес. Анткени кытайлык ири интернет-дүкөнү Aliba­ba жаңы рекордду коюп, «Кара жуманын» 20 миллиарддык рекордун 30га чыгарып, артта калтырды.
  5. Ipsosтун маалыматы боюнча товарларга арзандатуулар октябрда эле башталып, сатуучулар ноябрдагы майрамга кардарларды чогулта башташат. Ага чейинки арзандатуулар «Black Friday»ге караганда алдаганча реалдуу экенин белгилешет адистер. Эгер ушул темп менен уланса жакынкы жылдары бул фестивалдын мааниси такыр жоголуп, арзандатууларды кардарлар жыл бою көрө ала турган болуп калышат.
Марал фм
Tags: BLACK FRIDAY МААНИСИАмерика МЕНЕН Еропаарзандатууларсоода сатык майрамы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

Минфин Кыргызстана предложил ввести туристический налог для гостей страны

24.10.2025
Новости

Financial Times: санкции США против российских нефтяных компаний ударят по самим американцам

24.10.2025
Безопасность

Путин прокомментировал слова Трампа об отмене саммита в Будапеште

24.10.2025
Безопасность

Марочко: украинские военные минируют игрушки и тела погибших

24.10.2025
Кыргызстан

В селе Жаны-Достук продолжается строительство жилья и инфраструктуры

24.10.2025
Аналитика

Правительство КР разрабатывает антикризисные меры на рынке ГСМ

23.10.2025
Кыргызстан

ГКНБ: несмотря на дефицит воды, перебоев с электричеством быть не должно

23.10.2025
Кыргызстан

Генпрокуратура: Temu уплатила почти 3 млн долларов налогов в Кыргызстане

23.10.2025
Безопасность

В Оше школьник погиб после нападения собаки

23.10.2025
Безопасность

В Бишкеке открылась Высшая школа бизнеса Центральной Азии

23.10.2025
Безопасность

В Кыргызстане задержан организатор незаконного ввоза вьетнамских мигрантов

23.10.2025
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире