Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья провинциясына иш сапар менен болду.
Иш сапары учурунда Өмүралиев Түркиянын миграция министрлигине караштуу башкармалыгынын ички иштер жетекчиси Гезде Озкорул, Антальянын губернатору Мюнир Каралоглу, ошондой эле бул шаардын мэри Мюхиттин Божек менен жолугушту.
Ошондой эле, элчи мырза Анталия Мэри менен эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерге байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, алар туристтик тармакта өз ара иштешүүнү активдештирүү маселелерине да көңүл бурулду.
Маданий чөйрөдө достукту өнүктүрүү жана кызматташууну кеңейтүү үчүн, көп кыргызстандыктар Антальда жүргөнүн эске алып, Кубанычбек Омуралиев шаардык бийлике Чынгыз Айтматов атындагы сейил багын курууну сунуш кылды. Шаардын мэри тарабынан анын демилгеси жактырылды.
Муну менен бирге Омуралиев губернатордун чакыруусу менен губернатор өзү, жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана чет өлкөлүк дипломаттар катышкан адистештирилген «Жаңы жашылча-жемиш» көргөзмөсүндө болду.