Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын портрети Бишкек медициналык колледжинин имаратына тартылды. Бул тууралуу DOXA art-group тобундагы сүрөтчүлөр инстаграмга жазышты.
“Биз бул жылдыздуу кыздын трагедиялуу тагдыры баарына маалым деп ойлойбуз. Бул сүрөт коомчулуктун көңүлүн гендердик, аялдарга жана кыздарга болгон зордук-зомбулукка, үй-бүлө куруу үчүн ала качуу маселесин түп-тамырынан жоюуга бурат”, — деп айтылган.
Эскерте кетсек, 19 жаштагы Бурулай быйыл 27-майда ала качуунун курмандыгы болгон.
Марал фм