Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, 26-ноябрдын таңында өлкөнүн батышындагы Ирак менен чек арага жакын жерде күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. 600дөн ашуун киши жабыркады.
Ирандын Мамлекеттик чукул кырдаалдар департаментинин башчысы Пир Хоссейн Коливанддын жергиликтүү телеканалга айтканына караганда, көп кишилер жер титирөөдөн чочуп, качып баратканда жараат алышкан.
Ирандын сейсмология борборунун башчысы Али Моради мамлекеттик телеканалга: “Бактыга жараша жер титирөөнүн толкуну чоң шаарларга жеткен жок. Балким анын залакасы айыл-кыштактарга тийгендир, бирок зилзаланын чордонунда эл көп жашабайт”, – деди.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, жер титирөөнүн борбору Иран менен Ирактын чек арасына чукул жерде, Илам шаарынан түндүк-батышты карай 114 чакырым аралыкта катталды.
Ирандын мамлекеттик ИРИБ радиосу кырсык күрддөр жашаган Керманшах провинциясынын Сарпол-э-Захаб шаарына чукул жерде болгонун кабарлады.
Былтыр бул жерде күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөөдө кеминде 630 киши өлүп, миңдеген адам жарадар болгон эле.