Facebook жана Instagram социалдык тармактары биринчи жолу жергиликтүү соттун чечиминин негизинде орусиялык колдонуучулар үчүн постторго бөгөт койду. Бул тууралуу “Коммерсантъ” басылмасына шилтеме келтирүү менен “Азаттыктын” орус кызматы жазды.
Москва шаарынын Тушин райондук сотунун чечимине ылайык, соцтармактар БТА-банктын ээси Кенес Ракишевдин кадыр баркына доо келтирет делген материалдарга чектөө койду.
Бул иш боюнча сотто 40 интернет-аянтчанын өкүлдөрү жооптуу катары чыккан. Алар ишкерди жашы жете электер менен байланышууга, өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө жана кылмыштарды жашырууга айыптаган материалдарды жарыялашкан.
Орусия президенти Владимир Путин ушул жылдын апрель айында кол койгон мыйзамга ылайык, шек жараткан материалдарды өчүрүүдөн баш тарткандарга 50 миллион доллар айыппул салынат. 26-ноябрда Кремль Орусиянын мыйзамдары менен иштебеген коммуникациялык кызмат көрсөткөн чет элдик компанияларга карата өзүнчө мыйзам иштеп жатканы кабарланды.