Таврия ордосунда көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын 14-Кеңешмеси өткөн. Бул жыйын мааракелик, 50-чи, Шериктештиктин жыйынынын пленардык жыйынында өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын парламенти билдирди.
Кыргыз Республикасынан Ош шаарынын шаардык Кеңешинин депутаты Мирлан Аматбеков жана Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Айбек Токошов катышты.
Жыйындын негизги темасы жаш муундун саясий-маданий жана электроралдык активдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча иштин артыкчылыктуу багыттары жөнүндөгү маселе болгон.
Жаштардын шайлоо процессине кызыгуусун арттыруу, аялдардын өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын жана саясатына катышуусун кеңейтүү маселелери каралды. Мындан тышкары, делегациялардын катышуучулары мындай аянтчаларда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
КМШнын жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын ишин активдештирүү жаштардын парламентаризмин бекемдөө, ошондой эле жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттери үчүн эң маанилүү маселелер болуп санала тургандыгын белгиледи.