Кыргыз Республикасынын башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентте өткөн Борбордук Азия регионундагы өлкөлөрдүн лидерлеринин экинчи консультациялык жолугушуусунда бул жолугушуулардын өзгөчө саясий маанилүүлүгү тууралуу билдирди, бул тууралуу президенттик басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, биздин мамлекет үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз-ара аракеттешүүсүн бириктирүү абдан олуттуу мааниге ээ.
«Кыргызстан беш тараптуу форматтагы тутумдук саясий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар. Ийгиликтүү аймактык өз ара аракеттенүү бизге болгон көйгөйлөрдү чечүүдө жана биздин элдердин жыргалчылыгын жакшыртууга конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет. Достук жана коңшулук негизинде туруктуу, ачык жана динамикалуу өнүгүү үчүн бизде бардык зарыл шарттар бар деп ишенем. Биз бардыгыбыз Россия Федерациясы менен тыгыз мамилелерди түзөбүз. Аны менен ар кыл саясий жана экономикалык форматтарда кызматташабыз», – деп белгиледи президент.
Анын айтымында, Кыргыз Республикасы ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, БУУ сыяктуу башка түзүмдөрдө да ушундай позицияны ээлейт.
Сооронбай Жээнбеков өз ара ишеним көрсөтүү, ошондой эле бири-бирин колдоо менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызыкчылыгын эл аралык жана аймактык түзүмдөрдө бирге алга жылдырууда биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдирди.
Мамлекет башчысы республикалардын ортосунда региондогу өз ара аракеттенүү механизмин реформалоого багытталган туруктуу платформа калыптана баштагандыгын белгиледи.
Ал белгилегендей, бул жолугушуулардын алкагында өлкөлөр аймактык союздаштыкка тиешелүү бардык маселелерге көңүл буруусу зарыл.