No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 09.01.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстандын санариптик трансформациясына ишенет

02.12.2019

Санариптик трансформация – инновациялык чечимдердин жардамы менен экономиканын жаңы креативдүү чөйрөсүнө жол ачат. Буга Жогорку технологиялар паркы жана анын резиденттери чоң роль ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди.

«2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көп иштер жасалды. Биз акыркы жылдары аймактарды жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл буруп жатабыз. Бул үчүн, баарынан биринчи шарттарды түзүү керек. Биз аянтча бөлүп бердик жана анын жаңы кеңсесин ачылышына катышып жатабыз. Бул өлкөдөгү IT-компаниялардын бир жерде жана чогуу-чараан иштөөсү үчүн маанилүү», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай иштин натыйжасы эмитен эле көзгө көрүнө баштаганын белгиледи.

«2019-жылдын 3 кварталында Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин биргелешкен кирешеси бүгүнкү күндө 681 млн сомду түздү. Бул жерде 700дөн ашык киши иштейт. Ресурстардын биригиши – бул жөн гана тренд эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана санариптик өзгөрүү үчүн натыйжалуу инструмент. Биз санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик башкарууну электрондук форматка өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Учурда «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген Жол картанын алкагында жумуштар жасалууда. Биргелешкен иштердин мындан ары да натыйжалуу болушунда Жогорку технологиялар паркындагы адистердин ролу чоң», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыкканын айтты.

«Жаңы технологияларды колдонуу менен жасалган мазмунду башкаруунун уникалдуу системасы бул сайттын коопсуздугуна жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Жогорку технологиялар паркынын жаңы аянтчасы инновациялык старт-аптардын жана долбоорлорду өзүнө тарткан борбор болооруна ишеним артам. Өз кезегинде Өкмөт креативдүү жана талантуу адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен колдоосун уланта бермекчи», - деп билдирди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган салыктык жеңилдетүүлөр номарларынын алкагында Жогорку технологиялар паркынын резиденттери түзүлгөндон бери салыктан жана камсыздандыруу төгүмүнөн 15 жылга бошотулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Экономика Кыргызстана вышла на траекторию устойчивого роста

08.01.2026
Безопасность

США отказались подписывать гарантии безопасности для Украины в Париже

08.01.2026
Кыргызстан

Байсалов предложил пересмотреть безвизовый режим для граждан США

08.01.2026
Кыргызстан

Кыргызстанцам разъяснили новые правила получения виз в США

08.01.2026
Кыргызстан

США планируют взять под контроль нефтяную отрасль Венесуэлы - WSJ

08.01.2026
Безопасность

Белый дом допустил уголовное преследование экипажа танкера «Маринера»

08.01.2026
Новости

ВМС США задержали российский танкер «Маринера» в Северной Атлантике

08.01.2026
Кыргызстан

Кыргызстан включили в визовый список США с обязательным залогом до $15 тыс

08.01.2026
Новости

Рубио исключил военное вмешательство США в Гренландию

08.01.2026
Кыргызстан

Кыргызстан нарастил объем прямых иностранных инвестиций на 18,5% с начала года

07.01.2026
Новости

Путин поздравил православных христиан с Рождеством и отметил роль церкви в обществе

07.01.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире