Евразия экономикалык комиссиясынын Экономика жана каржы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү Тимур Жаксылыков билдиргендей, пенсияны эсептөөдө мындан ары да ЕАЭБ каалаган өлкөсүндөгү Кыргызстандын жашоочусунун эмгек стажы эске алынат.
“Төлөмдөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн пенсиялык системасынан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Макулдашууга кол коюлганга чейин Россияда иштеген Кыргызстандын жараны россиялык пенсиялык системага чегерүүлөрдү жасаган, бирок бул мезгил үчүн пенсиялык компенсацияларды алган эмес”, — деп эскертти ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү.
Ал жаңы системанын аркасында ЕАЭБ мамлекеттеринде жарандын иштеген бүткүл мезгилинин эсебин жүргүзүү жана анын эмгек стажын эсептөөгө мүмкүн болорун белгиледи.
“Мындан тышкары, азыр башка пенсиялык системалардан пенсиялык төлөмдөрдү алууга болот, мында акча же туруктуу жашаган өлкөгө экспорттолушу мүмкүн, же келишим боюнча адам башка мамлекеттерде да ала алат. Бул жарандардын социалдык жактан корголушунун алда канча жогорку деңгээлине алып келет”, — деп белгиледи Жаксылыков.