No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Среда, 28.10.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында он чакты мыйзам бузуу аныкталды

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясы акыркы эки жыл аралыгында финансылык жана башка тармактарда он чакты мыйзам бузууга жол бергени аныкталды. Бул тууралуу мекеменин 2016-2017-жылдардагы киреше-чыгымына аудит жүргүзгөн Эсеп палатасы билдирди.

Сырткы канализацияны оңдоодо 980 миң сом ашыкча иштетилип, коомдук жумуштарда 7,4 миллион сомдук эреже бузуу катталган. Резерв менен бюджетинде 6,7 миллион жоготуу болгон.

Мындан сырткары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын Ак-Чийдеги жана Кара-Балтадагы имараттары жана жер тилкелери туура эмес пайдаланылганы белгилүү болду. Чөлкөмдүн курамындагы 16 субъект мыйзам бузуу аркылуу ижарага берилгени такталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча эскертүүлөр жана сунуштар кабыл алынып, Жогорку Кеңешке, президенттик аппаратка, өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жөнөтүлдү. Тергөө үчүн материалдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

«Бишкек» эркин экономикалык аймагы Бишкек шаарын жана Чүй облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, инвестиция тартып, технологияларды колдонууга шарт түзүү, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана башка милдеттерди ишке ашыруу максатында уюшулган. Анын үч жерде бөлүмү бар, жалпы аянты 346 гектар жерди ээлейт. Кеминде үч миңдей адам эмгектенген чөлкөмдө 20дан ашуун чет өлкөлүк инвестор иш алып барат. Продукциялары Ооганстан, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Түркия жана Орусияга экспорттолот.

Tags: аймакБишкекэкономикалык

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Кыргызстан

В Бишкеке запустили две новые котельные и модернизировали третью

28.10.2026
Кыргызстан

Победители лотереи грин-карт в США могут столкнуться с задержками при оформлении виз

28.10.2026
Кыргызстан

Жапаров заявил, что его поездки по Кыргызстану не являются предвыборной агитацией

28.10.2026
Безопасность

Победившая на выборах в Сербии группа заявила об отказе от санкций против России

28.10.2026
Кыргызстан

Кыргызстан привлек $710 млн прямых иностранных инвестиций за полгода

28.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане подали документы на участие в президентских выборах два кандидата

28.10.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане выпустили новые банкноты номиналом 20 и 50 сомов

28.10.2026
Кыргызстан

Кыргызстан планирует закупить 10 самолетов Airbus

27.10.2026
Новости

В Раде призвали допустить Украину и Европу к саммиту Путина, Трампа и Си Цзиньпина

27.10.2026
Кыргызстан

Представители игорного бизнеса Кыргызстана примут участие в саммите в Сочи

27.10.2026
Новости

Армия США отработала организацию временных захоронений погибших военных

27.10.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире