Келишим аскер жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун деңгээлин жогорулатат.
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен аскердик-техникалык кызматташуу келишимин ишке ашыруу боюнча документке кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тиешелүү жарлык 29-ноябрь күнү жарыяланды.
“2017-жылдын 20-июнунда кабыл алынган Россия менен Кыргызстандын аскердик-техникалык кызматташуусу жөнүндөгү келишим бекитилсин”, — деп жарлыктын текстинде айтылат.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бул келишимге 2018-жылдын январь айында кол койгон болчу.
Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, документ аскерий продукцияларды жеткирүү механизмин жакшыртуу, армияны жогорку эффективдүү курал-жарак менен камсыздандыруу, ошондой эле жамааттык коопсуздук системасынын техникалык компонентин түзүүгө багытталган.