No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Пятница, 01.05.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Без рубрики

Буэнос-Айресте “Чоң жыйырманын” саммити ачылды

01.12.2018

30-ноябрда Аргентинанын президенти Маурисио Макри саммитти ачып жатып, уюмдун мүчөлөрүн эл аралык кызматташтыкты колдоого чакырды. Анын айтымында, экономикалык державалар чогулган жыйындын күн тартибинде адамдарды жумуш менен камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү, финансылык туруктуулук, климаттын өзгөрүшү жана эл аралык соода алакасы маселелери бар.

“Чоң жыйырманын” түзүлгөндүгүнүн он жылдыгына туура келген саммит дүйнөнүн эң ири экономикасы Кытай менен АКШнын соода тиреши күчөп, бири-бирине миллиарддаган долларга тарифтерди көтөргөн шартта өтүп жатат. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу ишембиге белгиленген.

Саммитте эки тараптуу жолугушууларда саясий суроолор да талкууланары күтүлүп жатат. Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммад ибн Салман менен журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшүн талкуулоо ниети бар экенин айтты. АКШнын атайын кызматтары 2-октябрда Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжини «өлтүрүүгө тактынын мураскору буйрук берген болушу мүмкүн» деп билдирген.

Саммитте көңүл акыркы аптада тиреши күчөгөн Украин-Орусия мамилесине, Керч кысыгындагы жаңжалга бурулары да айтылууда. Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Керч кысыгындагы кырдаалды козгой турганын буга чейин билдирген.

Эл аралык жыйындын алкагында орус президенти Владимир Путин менен Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин да жолугушуусу өтөт.

“Чоң жыйырманын” курамына эң өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 19 өлкө жана Европа Биримдиги кирет. Аларга дүйнө экономикасынын жалпы өндүрүшүнүн 90% таандык.

Tags: АКШКытайОруссиясаясат

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Реформа в КР уменьшила бюрократию и упростила условия для предпринимателей

30.04.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане предлагают ужесточить наказание за нападения на врачей

30.04.2026
Безопасность

Белоусов заявил о растущем вовлечении ЕС в украинский конфликт

30.04.2026
Новости

Трамп объявил о переименовании Ормузского пролива

30.04.2026
Безопасность

Трамп допустил одновременное завершение конфликтов на Украине и вокруг Ирана

30.04.2026
Безопасность

Трамп поддержал инициативу Путина о перемирии с Украиной

30.04.2026
Кыргызстан

Бывшего руководителя ГКНБ обвинили в подготовке захвата власти

30.04.2026
Кыргызстан

В Оше ребенок сорвался с кондиционера и упал этажом ниже

30.04.2026
Аналитика

Кыргызстан усиливает роль ШОС на фоне глобальной нестабильности

29.04.2026
Кыргызстан

Управление делами президента получило контроль над Кыргызтелекомом

29.04.2026
Коррупция

Руководство Бишкекского электросетевого предприятия задержали по делу о хищении средств

29.04.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире