Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жетекчилиги алдында тажикистан тарап менен кырдаалга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаалга байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүүнү ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Бул жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 14-январында чектеш аймактарда өткөрүлөт.
Кыргызстандын делегациясынын курамына Башкы прокуратура, улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, ички иштер министрлиги жана компетенттүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирди.
Жолугушуу учурунда кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы кырдаал каралат, кийинки чаралар боюнча аны турукташтыруу маселелерин камсыз кылуу, чек ара коопсуздугу, чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүү маселелери талкууланат.
Жолугушуу алдында болуп өткөн эки мамлекеттин президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжалары боюнча жетишилген макулдашууга ылайык өткөрүү пландаштырылган.