40 бөлүктөн турган баннер, мектепте кыздардын-адеп жүрүм-турумун жөнгө салуучу ченемдер, Жалал-Абад шаарындагы №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектептен табышкан.
Бул тууралуу «Азаттык радиосу» билдирди.
Авторлор, аялдар үйдөн кечке жуук, жылаң баш чыкпашы керек, күйөөсүнө каршы сүйлөбөш керек, атыр колдонбошу керек, чоң арыктан секирип өтөш керек, катуу күлбөш керек, никеге чейин бирөө менен сүйлөшпөө керек, бутун кайчылатып олтурбаш керек, эркектер менен теңелбеши керек, ата-энеси менен көпкө калбаш керек, турмушка чыккандан кийин” деп эсептешет.
Укук коргоочулар, бул, аялдардын укугун бузуу катары деп тизмени эсептеген.
Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев баннер класстык сааттын ичинде коомдук окутуучу колдонгон деп билдирди.
Сүрөт: azattyk.org