Эки өлкө ортосундагы чек арада Казакстандын жаранынын толгоосу башталып, чек арачылар төрөттү кабыл алууга туура келген.
Бул тууралуу Tengrinews.kz Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин (КУК) Чек ара кызматына шилтеме берип жазган.
2-декабрда, саат 19.30, Аухатты (ред. Кордай району) бекетинде Кыргызстандан үйүнө кайтып бараткан Фарида аттуу Казакстандын жараны кош бойлуу абалда кирген, чек арада,
шлагбаумда, чек арачылардын дежурство бөлмөсүндө мөөнөтүнөн мурда, төрөтү башталган.
«Чек ара кызматкерлери өздөрүн жоготпой, аялдын баласын дүйнөгө алып келүүгө жардам бере баштаган. Кышкы мезгилге карабастан, убакыттын өтүшү менен, медициналык адистер айылдык ооруканадан келгиче биринчи жардам көрсөтүп жана төрөттү кабыл алууга жардам берилген. Дары-дармек жана медициналык аспаптардын жоктугуна карабастан», —деп Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы билдирди.
Сүрөт: informator.news