Экономика министри Олег Панкратовдун жардамчылары 2017-жылга толтурулган киреше декларациясында ката кетирип, бүтүндөй компанияны саясатчынын менчигине кошуп жазып салышкан.
Бул тууралуу Kaktus.info билдирди.
Декларацияда көрсөткөндөй, 2017-жылы 620 миң. 45 сом тапкан деп билдирген. Министрдин 80 чарчы метр үйү бар. Авто унаасы Toyota Harrier жана ЖЧК «Каракол кызматы» үлүшү бар (1,17%), консалтинг юридикалык фирмада «Бизнесправоинфо» (100%) ОсОО «Мэйкерс» (33%).
Бул учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, жайында «Бизнесправоинфо» өкүлү маалымдагандай, Панкратовдун ал фирмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
Олег Панкратов Kaktus.media билдиргендей, бул фирманы алда качан, мамлекеттик кызматке келгенде сатканын жана ал фирмага эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
«Мен аны кайра каттаткам. Ал жерде ири капитал болгон жок», – деп билдирди ал.
Министр Мамлекеттик салык кызматына кайрылып өздөрүнүн маалыматтарын тактоо керектигин кошумчалады. Декларацияны тапшыруудан мурда эмнеге текшербегенин Панкратов тактаган жок.
Сүрөт: gov.kg