Түндүк-Чыгыш бажысынын орун басары Эльнура Мамбетжунушева кармалды.
Бул тууралуу Tazabek Кыргызстанда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Эльнура Мамбетжунушеваны Бишкек шаарынын ИИБнын убактылуу кармоочу жайына алып келишти.
Кармоонун себептери азырынча ачыкка чыгарылбайт.
Эске салсак, Түндүк-Чыгыш бажысы 2018-жылы Борбордук бажынын базасында «Түндүк» бажысы, «Нарын» бажысы кошулгандан кийин түзүлгөн.
Сүрөт: akchabar.kg