Ички иштер министрлиги “президент Сооронбай Жээнбековдун былтыркы шайлоо штабынын чыгымдары” деп жарыяланган тизмени иликтөөгө киришти.
Ички иштер министрлиги текшерүүнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “шайлоо чыгымдары боюнча жарыяланган тизмеге байланыштуу шайлоо штабынын башкы эсепчисинин өмүрүнө коркунуч туулду” деген маалыматынан башталганын билдирди.
ИИМ ал тизме жарыялангандан төрт күн мурун шайлоо штабынын башкы эсепчиси Нуржан Сатыгул кызы, кийинчерээк анын уулу, БШКнын мүчөсү Адилет Сатыгулов өлкөдөн чыгып кеткени аныкталганын билдирди.