Россиянын пакратион боюнча чемпиону Ирина Рыбникова мелдеште ток тартып, каза болду.
Иш – чара тууралуу РИА Новости панкратион Федерациясынын Ангарск бөлүмүнүн башчысы Абдуталип Казбековго шилтеме берүү менен маалымдайт.
Маалымат боюнча инцидент 8-декабрда болгон, россиянын спортчусу мелдеште Братск шаарында болгон. Кыз токко сайылган мобилдик телефон аркылуу сүйлөшүп ванна кабыл алып жаткан. Кокусунан телефон сууга түшүп кетип, кыз токтун соккусунан каза болгон.
10-декабрда Федерация курман болгон спортчунун туугандарына материалдык жардам көрсөтүү маселесин карап чыгат.
Эскерте кетсек, Ирина Рыбникова болгону 15 жашта болгон.
Сүрөт: eurosport.ru