Эгерде отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик ушундай сунуш берсе, Жогорку Кеңештин депутаттары электр энергиясына карата тарифтердин жогорулатылышын колдобойт.
Бул тууралуу ИА «24.kg» Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге шилтеме жасоо менен билдирген.
«Буга чейин Жогорку Кеңеш менен макулдашылган. Азыр бул норма жок, анткени ОЭКЖД түзүлгөн. Бирок депутаттар баары бир кийлигише берет», — деп белгиледи Рыспаев.
Депутат кошумчалагандай, жаңы тарифтик саясат ишке кирээрдин алдында Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү кантип жашаганын жана жарандар эсеп-чот боюнча төлөй ала тургандыгын түшүнүү керек.
Эскерте кетсек, буга чейин жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттик отун-энергетика комплекси пикирин билдиргендей, тариф 1,65 сом киловатт болсо, компаниянын чыгымдарын жабууга болмок.
Сүрөт: oschetchikah.ru