2019-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медициналык дары-дармектердин баасын жөнгө салууну баштоону пландаштырууда, 24.kg маалымдайт.
Мындай билдирүүнү бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында фонд башчысы Марат Калиев жасады.
Депутат Аалы Карашев көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү зарыл экендигин айтты.
«Эч ким кызмат сапаты жогорку деңгээлде деп айта албайт. Бааларды эч ким бир жөнгө салбайт. Дарыканаларда бир эле препарат ар кандай, 20дан 120 сомго чейин турат»,-деп белгиледи Карашев.
Марат Калиев белгилегендей, дары-дармектерге карата бааларды жөнгө салуу жөнүндө тийиштүү мыйзам кабыл алынган, бул маселени 2019-жылы контролдоого мүмкүндүк берет. Ал кошумчалагандай, ММК Фонду электрондук рецепт берүүгө өтүүнү пландаштырууда.
Сүрөт: sm-news.ru