Үчүнчү кварталдын жыйынтыгы Кыргызстандын иштеп жаткан 25 банктан 6 «чыгашалуу» деп аталган. Бул туурасында sputnik.kg Улуттук банкка шилтеме берүү менен билдирген.
Улуттук банк кабарлагандай, 19 кыргызстандык банктын жылдык, жалпы кирешеси 2018-жылы 9 ай ичинде 2 миллиард 750 миллион сомду түзгөн.
«Калган алты иштеп жаткан банк 377,1 миллион сомго чыгым тартышкан», – деп айтылат билдирүүдө.
Иштеп жаткан банктардын жалпы кирешеси 20 миллиард сомду, ал эми чыгымдары — 17,5 миллиард сомдон ашыкты түзөт.
Эске салсак, бүгүн өлкөдө 30 банк бар, алардын 4 жоюу стадиясында турат, 1 лицензиясы кайтарылып алынган, калганынын лицензиясы иштеп жатат.
Сүрөт: prokuratura.uz