Эки баланын энеси болгон жаш кызды эки күн боюу издешкен. Кыздын сөөгүн темир жолдо табышкан.
Журналист, Алматынын музыкалык каналдарынын биринин продюсери Айгерим Мусаеванын жансыз денеси табылганын Казинформ жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай кыздын туугандары Айгерим Мусаеваны каргашалуу окуя болгонго чейин эки күн боюу издешкен. Туугандары анын дайынсыз кеткени боюнча соц.тармактарга жазып чыгышкан.
Алардын айтуусу боюнча, Айгерим үйдөн эч нерсе албай эле чыгып кеткен. Ал эми кыз үйдөн чыгып кеткен күнү үйдө пикир келишпестик болгон болбогону – белгисиз.
Кыз акыркы жолу Алматынын Алатау районунун ККБнын (Калкка кызмат көрсөтүү борбору) имаратынын видеобайкоосуна түшүп калган.
“Ал жөн эле кетип калмак эмес. Себеби, анын эки баласы бар. Биз анын кайда кеткенин биле алган жокпуз. Айгерим балдарын таштап кетип кала алмак эмес, ал абдан жоопкерчиликтүү болчу ” – деп билдиришкен кыздын туугандары.
Бир нече саат мурун кыздын жансыз денесин табылганы тууралуу кабарланды. Казакстан Республикасынын ички иштер департаментти бул маалыматты тастыкташты. Маалыматтарга ылайык Мусаеваны “тепловоз” поезд сүзүп кеткен. Кыздын денесин темир жолдо табышкан. Окуянын чоо-жайы укук коргоо кызматкерлери тарабынан изилденүүдө.
Айгерим Мусаева Hit tv каналында продюсер катары иш алып барган. Кыздын сөөгү эртең жерге берилет.