“Кармалган мигранттарды атайын жумушка иштетүү үчүн алып бара жаткандагы аларга болгон мамиле, согушта колго түшкөн душмандардын аскерлерине кылган мамилени эске салат”
Орусиянын Тула шаарында Росгвардия жана полиция кызматкерлери мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды кармоо иш-чарасын уюштуруп, жергиликтүү базардын айланасынан 200-дөн ашык мигранттарды кармашкан.
Бул тууралуу “Московский Комсомолец” сайты билдирет. Атайын операция соц. тармактарда кызуу талкууга алынды. Себеби, кармалган мигранттарды атайын жумушка алып баруудагы аларга болгон мамиле колго түшкөн душмандын аскерине жасалган мамилени эске салат.
Атайын текшерүү рейди 20-октябрда шаардын Хлебной районун аянтындагы борбордук базардын айланасынан башталып, базарга жакын Пирогов жана Каминский көчөлөрүндө улантылганы маалымдалат.
Тула облусунун ИИМдин билдирүүсү боюнча, текшерүү учурунда Пирогов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде, бала-бакча сымал, антисанитардык шартта бир канча мигранттардын балдары кармалган жайды табышкан. Полиция балдардын ден соолугун кароо боюнча иштерди аткарып, алардын багуусуна жоопкерчиликтүү болгон ата-энелерине атайын иштер жүрүзүлөөрүн айтышкан.
Массалык текшерүү базардын өзүндө да жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир канча соода түйүндөрү жабылган. Сүрөттө омон кызматкерлери Өзбек ашканасына дубинкалар менен кирип бара жатканы көрсөтүлөт. Ондогон кармалган мигранттар, биринин колу биринин ийнине коюлган абалда, катарга тизилип алынып кетишкен.