Анжиян областына караштуу, Хаджаабат районунда каргашалуу окуя болду.
Өткөн жылдын 28-декабрында, тамак бергени келген зоопарктын жумушчусун арстан тиштеп салган. Зоопарктын кызматкерленин айтымында, балким, арстан абдан ачка болгон, анткени ал жумушчуну бир канча бөлүктөргө бүт денесин айрып салган.
Анжиян шаарынын Укук коргоо органдары бул маалыматты ырастады, бирок чоо-жайын азырынча эч ким билдире элек. Шаардын башчылары бул факт боюнча маалымат берүүдөн баш тартуусунун себебин
зоопарк, менчик болчу деген шылтоо менен.
Зоопарк кызматкерлерин айтымында, бул кол салуу биринчи жолу болгон. Бирок, 2018чи жылы Цирктеги жаныбарлар арстан менен пантера өздөрүнүн кесиптеши, “Рыжик” аттуу маймылды жеп салышкан.
Жаныбарларды коргоо бөлүмү көп убакыттан бери жаныбарлардын шарттары жөнүндө тынчсызданып жатат.
Кызматкерлердин айтымында жаныбарлар тамакка тоюшпайт жана жашоо шарты жакшы абалда эмес, деп даттанышат.
Сүрөт: zastavki.com