Аял-каскадер, Жылдыз Акматова, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан мамлекеттик сыйлыкка татыды.
Бүгүнкү күнгө чейин, 46-жаштагы Жылдыз, Чүй облусунда жашайт. Ал спорт менен бала кезинен, олуттуу машыгып келет. Дзюдо, кикбоксинг жана каратэ боюнча машыгууларга барган. 19 жашында ал ат оюндарына катыша баштаган.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Акматовага мамлекеттик сыйлык тапшырды, жана эмгек сиңирген артисти деген наам ыйгарды. “Президенттин Сыйлыгын алуу – мен үчүн чоң сыймык болду”, – дейт ал.
Эске сала кетсек, Акматова Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. 10 жылдан ашык убакыттан бери ал Кытайда циркте иштеп, күнөстүү өлкөнүн, баардык шаарларын кыдырып чыккан. Кырсыктан улам Харбин шаарында жолдошу каза болгон. Ушул окуялардан кийин, каскадер-аял өз мекени болгон, Кыргызстанга кайтып барууну чечкен.
Сүрөт: turmush.kg