24.kg маалымдагандай, Кытай жарандарынын кабыл алуу боюнча өткөн митинг аяктады.
Бишкек шаарындагы, Ала-Тоо аянтында Кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз мигранттарына каршы митинг болуп өттү. Аянтта 200 чакты адам топтолгон. Митингчилердин саны эки эсеге азайганда алар Коомдук биринчи каналдын имаратына өтүшкөн. (КТРК) Коомдук биринчи каналдын башчысы бул көйгөйдү түз эфирден талкуулоону убада кылгандан кийин тарап кетишкен.
Митингчилердин талаптары: Кытай жарандарына жарандыкты бербөө жана Кыргыз кыздары, Кытай жарандарына турмушка чыгууга тыюу салуу.
Түз эфирде, талкуу учурунда бул маселелер чечилбесе, митингчилер кайра топтолууну убада кылышкан.
Сүрөт: sputnik.kg