Алардын иш сапары Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын 1-3-сентябрдагы Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин негизинде ишке ашты
Түркиядан Экономика жана соода министрлиги менен Тышкы экономикалык мамилелер мекемесинин (жеке сектор) өкүлдөрүнөн түзүлгөн делегация 22-24-октябрга белгиленген иш сапар менен Бишкек шаарына келди. Бул туралуу Акипресс билдирет.
Бул демилге эки өлкөнүн ортосунда соода-сатыкты көбөйтүү жана коомдук-жеке сектор шериктештиги боюнча тажрыйба бөлүшүү максатын көздөйт.
Аталган делегация бүгүн, 24-октябрда коомдук-жеке сектор темасынын алкагында маалымат алмашуу жана Түркиянын аталган сектордо топтогон тажрыйбалары менен бөлүшүү максатында жолугушуу уюштурду. Бул багытта «Коомдук жеке сектор конференциясы – Түркиянын тажрыйбасы» аттуу иш-чара өтүп жатат.