Чүй айылында бардык нерселер менен автобус аялдамасында табылган бир жарым жашар бала, биологиялык энесине кайтып келген. Эске сала кетсек.Өткөн жылы декабрда милиция кичинекей баланы Чүй айылындагы аялдамада табылган деген чалуу катташкан.
Коомдук кызматтар боюнча башчысы Эльза Исмаилова баланы, эч кандай документи жок болгонуна байланыштуу, балдар үйүнө өткөзүп берет. Тергөө учурунда энесинин өздүгү такталып, суракка чакырылган. Кийин билингендей ал аялдын үч баласы бар, бирок алардын биринин да документтери болгон эмес. Энесине керектүү күбөлүк жана справкаларды алууга жардам берилди жана баланы кайтарып беришти. Бирок, азыр ал текшерүү астында болот деп билдирди Исмаилова.
Кантип кичинекей бала, бир баштык кийими менен аялдамада болушу мүмкүн эле – белгисиз. Анын энесинин айтымында, ал жолдошу менен беш жыл ашуун убакыт бирге жашашкан, кийин ал ажырашууну талап кылган. Баланын атасы аны менен сейилдеп келүүнү суранып, бир канча убакыттан кийин кайра байланышты токтотуп, баланы кайтып барган эмес. Бул аракеттеринин себептери белгисиз. Учурда тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: turmush.kg