Бишкек шаарынын Октябрь районун башчысы Ренат Айтымбетов Ички иштер башкармалыгы менен кызматташтыкта ири соода борборлорунун жетекчилери менен, өнөр-жай жана аксакалдар сотторунун төрагаларынын катышуусу менен расмий жолугуушуларды өткөрдү.
Жолугуушуда Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекси жана чарба жүргүзгөн субъекттерде өрт коопсуздугун сактоо тууралу түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Эске сала кетсек, аталган Кодекстер ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген.
Кыргыз Республикаснын «Жоруктар жөнүндө» Кодексинин мааниси түшүндүрүлүп, бул кодекс коомду адамгерчиликке үгүттөөчү мааниси бар экенин белгилеп кетишти. Бул кодекстердин негизги максаты – укук коргоону, инсандын кызыкчылыктарын, эркиндигин коргоосун, юридикалык жактардын таламдарын коргогон, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды бузууга тыйуу сала тургандыгын айтып өтүштү.
Муниципалдык башкармалыктардын кызматкерлери жана Ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жазылган эрежелерди сактоого чакырышат.
Сүрөт: meria.kg