Бүгүн, 7:30дар чамасында Койбагарова менен Юнусалиев (мурунку Карл Маркс көч.) көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон 2003 жылы төрөлгөн, 8-класстын окуучусун сүзүп кеткен. кыз баш мээси чайкалган жана көптөгөн жарааты менен ооруканага жаткырылган. Азыр ал ооруканада жатат, анын абалы туруктуу.
Жол кырсыгына себепчи 1986-жылы туулган, Honda Fit унаасынын айдоочусу болгон. Медициналык экспертизадан соо болгону белгилүү болду.
Унаа, унаа токтоочу жайга жеткирилген. Тергөө иштери уланууда.
Сүрөт: progorod59.ru