Бишкек шаарында 21-январь дүйшөмбү күнү 4100 дөн ашуун абоненттердин электр жарыгы өчүрүлөт.
Бул тууралуу ОАО “Түндүк электр” басма сөз кызматынан билдиришти.
Электр жарыгынын өчүрүлүүнүн себеби 7,1 млн сом өлчөмүндө карыз болуп калышкан.
“Түндүк электр” өкүлдөрү малымдагандай, электр жарыгын өчүрүү системасы технологиялык маалыматтык эсепке өлчөө контролдоо жардамы менен өчүрүлөт деп билдирди.
Ошондой эле белгилеп кеткендей, электр энергиясы үчүн өз убагында акы төлөө маанилүү экендигин баса белгиледи жана бул онлайн режимде, алыстан эле төлөнүшү мүмкүн экенин түшүндүрдү.
Электр туташууга да алыстан төлөсө болот жана төлөнгөндүгү тууралуу маалыматты дароо компаниянын серверинен билсе болот.
Сүрөт: photo.kg