Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, “Күрөөканалардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бир катар өзгөртүүлөрдү кабыл алуу тууралуу мыйзамга кол койгон.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.
Бул аталган мыйзамдын 11-беренесинин жоболорун Жарандык кодекстин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган.
Мыйзамда көпчүлүк жарандар үй-жайын, унаасын, дагы башка баалуу мүлкүн күрөөканаларга өткөрүп берип, кийин аларды кайрый албай калган учурлар эске алынган. Ошондон улам эгер кардар убагында карызын төлөй албай калса, домбарддар анын күрөөгө койгон мүлкүн дагы 60 күн кармап турууга милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Сүрөт: kabar.kg