No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Шейшемби, 20.05.2025
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Main Navigation
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Башкы бет Новости

Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан визити өзгөчө геосаясий мааниге ээ 

26.10.2018
Ой-пикирин

Өткөн маалымат жыйынында КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдиргендей, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун чакыруусун кабыл алган жана жакынкы мезгилде расмий иш сапары менен өлкөгө келет.

ТИМ башчысы ошондой эле Бишкекте өтө турган расмий жолугушууда 10дон ашык документке кол коюу күтүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Бирок визиттин так күнү (учурда макулдашылып жатат) жана сапардын чоо-жайы тууралуу Абдылдаев маалымат берген жок.

Кыргызстанга болгон сапардын күтүлүп жаткан максаты жана бул эмне үчүн Россияга керек экендигин билүү үчүн “Кабар” агенттиги саясатчы, эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы Эдил Осмонбетовго кайрылды.

Депутат: өкмөт балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн эч нерсе кылган жок

16.01.2020

Казакстан Кыргызстандан жалган транзит менен күрөшүүгө даяр

22.12.2019

Кыргызстандык эксперттер КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптештери менен биргеликте Шериктештиктин жаңы университетин түзүү маселесин талкуулашат

15.12.2019

Депутат президенттин сөзүнө нааразы болду

08.12.2019

Саясатчынын пикири боюнча, Россия лидеринин Кыргызстанга боло турчу сапары Россия жана бүтүндөй Борбордук Азия үчүн өзгөчө геосаясий мааниге ээ.

Осмонбетовдун ою боюнча, себеби учурда дүйнө жүзүндө геосаясий турбуленттүүлүк болуп жатат – Сирия, Украина, россия-британ кызматташуусу, Борбордук Азия чөлкөмүндөгү акыркы өзгөрүүлөр. Андан тышкары Россия Европа биримдиги, АКШ тарабынан санкциялар, Түркия менен болгон айрым маселелер менен алек болчу деп билдирди саясатчы.

“2018-жылы Борбордук Азия аймактары жана Кыргызстан Россиянын көңүл буруусунан бир аз алыстап кетти”, – деп билдирди ал.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин төрагасы билдиргендей, 2018-жылда Борбордук Азиянын бардык чөлкөмүндө ири саясий жана геосаясий окуялар болду. Алсак, 2018-жылдагы Астанада өткөн консультативдик жолугушуу, Кыргызстандагы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммити, ТүркПАнын жолугушуусу жана башка жолугушуулар глобалдык жана регионалдык оюнчулар ошондой эле Россиянын катышуусусуз өткөрүлдү.

Бул анын пикири боюнча, бир жагынан Борбордук Азия жаңы геосаясий регион катары калыптанып келе жаткандыгынан кабар берет. Ага күздүн башында Азербайжан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын Кыргызстанга келиши мисал боло алат.

“Региондорго таасир берүүдө геосаясий күрөштү эч ким жокко чыгарган жок. Ага байланыштуу Путиндин визити Россия эл аралык аятчаларда жана эл аралык уюмдарда башка өлкөлөр менен биргеликте өз кызыкчылыгын коргой алуу үчүн өнөктөштөргө, досторго жана колдоого муктаж экендигин көрсөтүү максатында катаал жагдайда өтүшү керек”, – деп ойлойт саясатчы.

Андан тышкары Осмонбетов бүгүнкү күндө Кыргызстан маанилүү мамлекет катары калыптанып келе жаткандыгын түшүнүү керек деп эсептейт. Биринчиден – республика Борбордук Азияда геосаясий борбор болду, анткени региондо көптөгөн маанилүү окуялар болду. Экинчиден – Россия тарабынан регионго болгон жогорку көңүл буруу 2019-жыл Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өзгөчө болоору – Кыргызстан ШКУга төрага болушу, ал эми азыркы учурда республиканын Түрк кеңешинде төрагалык кылып жатышы, Өзбекстандын өкүлү ШКУда Башкы катчы болот, ал эми Казакстан БУУнун коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес өкүлү болуп саналышы менен түшүндүрүлөт.

“Ушул себептерден улам Россия бул окуялардын бардыгын өнөктөштөрү жана Кыргызстан менен сүйлөшүүсү керек. Биринчи кезекте – аймактык, жалпы көйгөйлөргө болгон көз караш, өз ара түшүнүүнүн чекитин табуу”, – деп кошумчалады эл аралык иштер боюнча адис.

В.Путиндин Кыргызстанга боло турган визитинин башкы максаты Осмонбетовдун ою боюнча, эки тараптуу мамилелерди жаңы баскычка көтөрүү болуп саналат. Эң башкысы – ар кайсыл маселелер боюнча өз ара түшүнүүгө жетүү.

“Бул саясат, экономика, ЕАЭБге мүчөлүк кылуу жада калса Кытай менен болгон “Бир алкак – Бир жол” долбоору болушу мүмкүн”. Азыркы учурда дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөр үчүн күтүүсүз болгон геосаясий процесстерди эске алганда бул абдан кеңири күн тартиби”, – деп билдирди ал.

Аягында саясатчы кошумчалагандай, В.Путиндин Кыргызстанга келиши республикасыз Борбордук Азия регионун түзүү да бириктирүү да мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүрүлөт. “Россия Кыргызстандын дал геосаясий ролун түшүнүп турат, эң кызыгы, биз региондогу көптөгөн саясий инновациялардын пионерибиз. Бул өңүттөн алып караганда биз көптөгөн саясий жана геосаясий процесстердин баштоочусу катарындабыз. Бул жагынан алганда биз саясий борбор катары эсептелинебиз, ошондуктан да ушул жылдын күзүндө бул жакка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары келди”, – дейт Эдил Осмонбетов.

Белгилер: Азия өлкөлөрБорбор Азиягеосаясийиш сапарКыргызстанпикирРоссия
Мурунку пост

Сүттү экспорттоо 9 айдын жыйынтыгы боюнча 6 миң тоннага көбөйдү

Кийинки пост

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 21-кылымдын феномени болуп калды

Кийинки пост

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 21-кылымдын феномени болуп калды

Subscribe
Notify of
guest
guest
0 Comments
Inline Feedbacks
View all comments

Жаңылыктар лентасы

Жаңылыктар

ПРООН чек арачыларга компьютер жабдууларын тапшырды

31.01.2020
Жаңылыктар

Россиянын премьер-министри: биздин өлкө союздаштарга өзүнүн технологиясын берүүгө даяр

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү биримдиктин ишмердүүлүгүн жана келечегин талкуулашты

31.01.2020
Жаңылыктар

ЕЭК Коллегиясынын башчысы: ЕАЭБ өлкөлөрү санариптик эгемендүүлүктү коргоо боюнча маселелерди бирге чечүүлөрү керек

31.01.2020
Жаңылыктар

Кыргызстандын ТИМде Ухань шаарынан Кыргызстандыктарды алып чыгуу варианттары каралууда

31.01.2020
Жаңылыктар

ЖККУ жана КМШ терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө

31.01.2020
Жаңылыктар

Президент Генштабдын башчысы менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн бекемдөө боюнча чараларды талкуулады

31.01.2020
Жаңылыктар

Жогорку Кеңеште дагы Кыргызстандын өкмөтүн таркатууну сунуштады

31.01.2020
Жаңылыктар

Манас аэропорту тышкы башкарууга берилет

30.01.2020
Жаңылыктар

Комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусун белгисиз адамдар токтотууга аракет кылышкан

30.01.2020
Жаңылыктар

Премьер-министр эртең ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү кесиптештер менен жолугушат

30.01.2020
Дагы жүктөө
  • Setup menu at Appearance » Menus and assign menu to Footer Navigation
No Result
View All Result

wpDiscuz
0
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x
| Reply