No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
Понедельник, 09.03.2026
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
  • Главная
  • Новости
    • Кыргызстан
    • Безопасность
    • Культура
    • Коррупция
    • Экономика
    • Общество
    • Политика
    • Спорт
  • Аналитика
  • В мире
    • Украина
No Result
View All Result
Эхо Кыргызстана
No Result
View All Result
Home Новости

Кыргызстанда 475 согуш ардагери жашайт

26.10.2018

Кыргызстанда 475 Улуу Ата Мекендик согуштун, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, Ленинград блокадачылары жашайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин адиси Жумгалбек Солтонкулов билдирди.

Анын айтымында, алардын көпчүлүгү Бишкекте жашайт.

Солтонкуловдун айтуусунда, УАМ согуштун ардагерлери пенсиядан жана ар дайымкы төлөмдөрдөн тышкары, Жеңиш күнүн утурлай бир жолу берилчү акчалай төлөмдөрдү алышат.

Алсак, өкмөттүн буйругуна ылайык, катышуучулар, майыптар, концлагерлердин жашы жете элек туткундары, Ленинград блокадачылары 15400 сомдон алышат. Каза болгондордун жана тылдын эмгекчилеринин үй-бүлөлөрү – 10 миң 100 сом - 10 миң 200 сомдон алышат.

Бул жылы Кыргызстандан Москвадагы Жеңиш парадына ардагерлер катышпайт. “Кабар” агенттигине Мамкоргоо комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, себеби Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы мааракелик дата болуп саналбагандыктан, Кыргызстан расмий чакыруу алган жок. Ал жактан кошумчалашкандай, балким айрым ардагерлер жеке тартипте чакыруу алышкан болушу мүмкүн.

 

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Tags: Кыргызстанөкмөтпенсиясогуш ардагери

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Лента новостей

Аналитика

Конфликт на Ближнем Востоке лишает Украину оружия и истощает ВСУ

09.03.2026
Новости

Орбан призвал Еврокомиссию снять энергетические санкции с России

09.03.2026
Кыргызстан

Кыргызстан ограничит доступ к порнографическим сайтам в интернете

09.03.2026
Коррупция

ГКНБ задержал экс-директора Республиканского центра крови по делу о коррупции

09.03.2026
Безопасность

В США запустили петицию с призывом отправить сына Трампа на службу в Иран

09.03.2026
Кыргызстан

В Кыргызстане запустят проект по улучшению качества воздуха на 50 млн долларов

09.03.2026
Новости

Верховный суд Украины признал брачные отношения украинского дипломата и активиста

09.03.2026
Безопасность

США обсуждают возможность взять под контроль иранский нефтяной остров Харк

09.03.2026
Безопасность

Иран не отдаст ни пяди земли после атак США – Пезешкиан

09.03.2026
Новости

Путин заявил, что Украина управляет Европой как «хвост, виляющий собакой»

09.03.2026
Безопасность

США потратили 6 млрд долларов за первую неделю войны с Ираном

09.03.2026
Load More
  • Главная
  • Новости
  • Аналитика
  • В мире
No Result
View All Result
  • Кыргызстан
    • Общество
    • Политика
    • Безопасность
    • Экономика
    • Коррупция
    • Культура
    • Политика
    • Украина
  • В мире